Илзат Ахметов Европа чемпионатынын тандоо турунда РФ командасында ойнойт

Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өткөн. Ошондой эле ал Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун катарына кирет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Футбол боюнча Россиянын курама командасынын машыктыруучулар штабы Европа-2020 чемпионатынын тандоо турунда Шотландия менен Казакстанга каршы ойной турган футболчулардын тизмесин жарыялады.

​Россия командасынын Twitter аккаунтуна жүктөлгөн тизмеден 26 оюнчуну көрүүгө болот, анын арасында Кыргызстанда туулган жарым коргоочу Илзат Ахметов да бар.

Бишкекке келген футболчу Илзат Ахметовду президенттик аппараттын башчысы кабыл алды
6-сентябрда россиялыктар Глазго шаарында Шотландия, ал эми 9-сентябрда Калининградда Казакстан менен беттешет.

Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашында негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.

Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өткөн. Ошондой эле ал Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун катарына кирет.