Өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп Гиннесстин китебине киргендер. Эсти оодарган 15 сүрөт

Sputnik

Рекорддор китебин түзүү идеясы сыра чыгарган компаниянын кызматкери Guinnes Хью Биверага таандык.

 

1 / 15
Колумбиянын 24 жаштагы тургуну Эдвард Нино Эрнандес дүйнөдөгү эң кичинекей киши деп таанылды. Анын бою 70 сантиметр.
2 / 15
Ли Редмонда эң узун тырмактуу айым. Аны каттоого алар маалда тырмактарынын узундугу 7 метр 51,3 сантиметрди түзгөн. Сүрөттө анын тырмактары 76 сантиметр.
3 / 15
Санто-Томас (Филиппиндер) университетинин 20 миңдей студенти менен окутуучулары тизилип туруп Доминикан чырымынын сүрөтүн тартышты
4 / 15
Фалафель тамагы көлөмү жагынан рекорд койду. Анын салмагы 5 тоннадан ашкан.
5 / 15
Грузияда тоок 170 грамм жумуртка тууган
6 / 15
Эң узун серфинг тактасы. Ага 47 спортчу баткан.
7 / 15
Палестинада 2000-жылы балдар деңиз жээгине 7,2 миң батберек коё беришкен
8 / 15
Филиппинде 31 миңдей студент менен окуучу тизилип, асан-үсөндү тартышкан
9 / 15
Бразилиялык Элэйн Дэвидсон денесине 1900 пирсинг жасатып рекорд койгон
10 / 15
Картадан үй куроо боюнча чебер Брайан Берг мейманкананын эскизин жасады
11 / 15
Велосипедист Хавьер Запата Колумбиянын Пьедра дель Пенол тепкичинен чыгып баратат. Ал 649 тепкичти 43 мүнөттө басып өткөн.
12 / 15
Лондондо узундугу 105 метрди түзгөн композиция тартылган. Бул көчөгө тартылган эң чоң 3D сүрөтү катары рекорддор китебине катталган.
13 / 15
Немис гимнасты Йоханна Кваас 1925-жылы төрөлгөн. 2012-жылы эң улуу гимнаст катары мелдешке катышкан.
14 / 15
Кытайдын жараны Адили Вуксор Пекиндин стадионунун үстүндөгү асма жолдо эки ай бою баскан
15 / 15
Жулия Гнусенин денесине эң көп тату тартылган. Сүрөттөр денесинин 95 пайызын ээлейт.