Макрондун аялын Бразилиянын президенти мазактап... Өрттөн чыккан чыр

Дүйнө коомчулугунун назарын өзүнө бурган бул кайым айтышууларга себепчи Амазондогу өрт болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк интернет айдыңында Бразилия менен Франциянын президенттери Жаир Болсонару жана Эммануэль Макрондун кайым айтышуусу өрттөн улам башталып, акыры аялдарынын сырткы көрүнүшүнө чейин жетти. Бул туурасында BBC баштаган бир топ басылмалар жазды.

Трамп Франциянын кымча бел канайымына суктанды
Коомчулук президент Болсонару кесиптеши Макрондун жубайынын кебетесин мазактады деген пикирде турат.

Болсонарунун тарапташтарынын бири Facebook тармагына эки президенттин аялдары — 66 жаштагы Брижитт Макрон менен 39 жаштагы Мишель Болсонарунун сүрөтүн койгон. Анын алдына "Эммануэль Макрондун Болсонарунун артынан түшүп алгандыгын эми түшүндүңөрбү?"— деген пост жазган.

Ал эми буга Бразилия президентинин расмий аккаунтунун "Досум, эми аны мазактабай эле кой, ха-ха", — деген комментарийин окууга болот.

Муну Эммануэль Макрон өтө одоно жана көңүлдү чөгөрө турган комментарий деп баалаган.

"Ал менин аялыма карата урмат-сыйы жок кеп-сөз айтты. Бразилия элине сый-урматым чоң. Бул элде өзүнүн милдетин аткарууга даяр болгон президенти тезирээк шайланат деп үмүт кылам", — деп айткан ал Биаррицте берген маегинде.

Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти
Ал эми Бразилиянын мамлекет башчысынын маалымат кызматы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Дүйнө коомчулугунун назарын өзүнө бурган бул кайым айтышууларга себепчи Амазониядагы өрт болгон.

"Чоң жетиликтин" саммитинде Франция президенти Бразилия бийлигин Амазония аймагында чыккан токойдогу өрт менен күрөшүүгө маани бербей жатат деген тейде сынга алган. Мындан улам дипломатиялык тиреш башталган.

Макрон тилсиз жоого каршы турууга шашылыш кеңеш уюштуруп, анда өнүккөн өлкөлөрдүн кантип жардам берүүсүн талкуулоо керек деген сунушун айткан.

"Мындайча айтканда, биздин үйүбүз күйүп жатат. Амазониянын тропикалык токою — дүйнөнү дем алдырып жаткан өпкөсү, ал Жер жүзүндөгү кычкылтектин 20 пайызын бөлүп чыгарат. Бул — эл аралык каатчылык. Келгиле, "Чоң жетиликтин" мүчөлөрү жакынкы эки күндө бул маселени талкуулайлы", — деп жазган Макрон Facebook тармагына. Бул саммиттин алдында болгон эле.

Франция лидерине жооп кылган Бразилия аларга кол сунган Францияны колониалдык ой-туюмдан алигиче арыла элек деп сындаган.