Бишкек мэриясы шаардыктарды Горький паркын жасалгалоого көмөктөшүүгө чакырды

Муниципалитет парктын жаңы эскизин сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы паркын жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин күтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэрия парктын жаңы эскизин сунуштады.

"Калаа башчысы Азиз Суракматов "Бишкекбашкыархитектура" менен капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган эскиз менен таанышты. Андан сырткары, таланттуу жана шаарга кайдыгер карабаган жарандардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен долбоорду толук иштеп чыгууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Эгер пикириңиз болсо, 1-сентябрга чейин kanchaiym@gmail.com электрондук дарагине жана 0550 30 50 10 WhatsApp-номерине жөнөтсөңүз болот.

Эске салсак, быйыл жазында калаа башчысы Горький атындагы паркты толугу менен оңдоп чыгууну тапшырган болчу.