Амазониядагы өрттөн чыккан түтүндүн космостон көрүнүшү. Сүрөт

Бразилиянын Космостук изилдөөлөр улуттук институтунун маалыматы боюнча, 73 миңге чукул өрт катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Италиялык астронавт Лука Пармитано эл аралык космостук станциядан Амазонияны каптап жаткан өрттөн чыккан түтүндү тартып, сүрөттү Twitter баракчасына жарыялады.

G7 мамлекеттери Амазониядагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө 20 млн. евро бөлөт
​Жыл башынан бери Бразилиядагы Амазония токойлорунда чыккан өрт рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бразилиянын Космостук изилдөөлөр улуттук институтунун маалыматы боюнча, 73 миңге чукул тилсиз жоо катталган. Ал эми былтыр жалпы жонунан 39 миң өрт чыккан.

Амазония токойлорунун жалпы аянты 7 миллион чарчы чакырымды түзүп, тогуз мамлекеттин территориясында жайгашкан. Алар Бразилия (60 пайыз), Перу, Колумбия, Эквадор, Боливия, Гайана, Суринам жана Франциянын Гвианасы. Амазонияны "Жердин өпкөсү" деп да атап коюшат. Анткени ал жер планетасындагы кычкылтектин 20 пайызын иштеп чыгарат.