Алматыда эки унаа адамдарды атайылап коюп кетти. Видео

Шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчиси изделип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Алматыда эки унаа жолдогу элди атайылап сүзгөн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Окуянын видеосу Instagram тармагындагы аккаунттардын бирине жарыяланды. Маалыматка караганда, 26-август күнү таңга жуук эркек кишилер мушташа кетишкен. Экөө унааларына отуруп жөнөй бергенде бири жөө жүргөн үч каршылашын атайылап койдуруп кеткен.

Окуя Гагарин менен Дружба көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылат. Адамдарды коюп кеткен Toyota Camry менен Toyota Avensis автолору ошол эле күнү табылган. Кийинчерээк 24 жаштагы шектүү колго түшкөн. Ал эми экинчиси изделүүдө.