Куп жарашыптыр. Валентина Шевченко кытай стилиндеги костюм кийген видео

Абсолюттук мушкерлер уюмунун Youtube-каналына UFC спортчуларынын улуттук кийимдерди жана кытай стилиндеги костюмдарды кийип көргөн видео жүктөлдү.
Sputnik

UFC уюму мушкерлери үчүн атайын фотосессия уюштуруп, аларга чыгыш өлкөлөрүнүн кийимдерин кийгизген.

Фотосессияга Юрая Холл, Ли Цзинлян, Кенан Сонг, Ву Янан, Сяо Нань Ян, Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов катышкан.

"Фотосессия болот дегенде аны кадимкидей эле спорт кийим менен элестеткем. Сүрөткө башкача өңүттө түшөрүбүздү угуп сүйүндүм. Мага бул стиль жакты. Сонун экен", — деди Шевченко.

Кыргызстандык спортчу Америкадагы UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону болуп саналат. Жакында эле Уругвайда наамын экинчи ирет коргоп калды.