Трамп Россиянын айынан G7 лидерлери менен кер-мур айтыша кетти

АКШнын президенти Иран, Сирия жана Түндүк Кореянын маселесин талкуулоого Россия катышуусу керек деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп "Чоң жетиликтин" лидерлери менен Россиянын кайта кайтып келүү маселесинен улам уруша кетти. Бул тууралуу Guardian басылмасы жазды.

Трамп G7 лидерлери менен мамилеси кандай экенин айтып берди
Маалыматка ылайык, Франциянын Биарриц шаарында чогулган G7 мамлекеттеринин лидерлери АКШ президентинин сунушун колдобой, талкуу учурунда абал чыңалып кеткен. Трамп башка лидерлердин келтирген жүйөлөрү менен макул болгон эмес. АКШ президенти Иран, Сирия жана Түндүк Кореянын маселесин талкуулоого Россия катышуусу керек деп эсептейт.

Трамптын бул сунушун Италиянын өкмөт башчысы Жузуппе Конте колдосо, Синдзо Абэ калыс экенин айткан. Калган лидерлер Россиянын G8 уюмуна кайтып келишин таптакыр колдобой коюшкан.

Натыйжада талашып-тартышуудан бир жыйынтык чыккан эмес, Россиянын G8 уюмуна кайтып келүү маселеси ачык бойдон калган.