Садыр Жапаровдун уулу эмне жаракаттан каза тапканы айтылды

Мурдагы депутаттын уулунун жаракаты тууралуу белгилүү дарыгер Сабыр Жумабеков айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабыр Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине мурдагы депутат Садыр Жапаровдун каза болгон уулу кандай жаракат алганын айтып берди.

Министрлик: Атамбаевдин тарапташы Таласта каза тапты деген маалымат жалган
Эске сала кетсек, бүгүн, 26-августта, камактагы Садыр Жапаровдун уулу Дастандын көз жумганы белгилүү болгон.

Жумабековдун айтымында, Дастан ооруканага өткөн бейшемби күнү түшкөн. Ал мотоцикл менен келе жатып авария болгону айтылууда.

"Садыр Жапаровдун уулу бүгүн түш ченде үзүлдү. Бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө болчу. 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткен. Кан көп кетиптир. Ачык жаракат деп сыпатталды", — деди сөөк дарыгери.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан 27 жашта болчу.