Кара-Кулжанын тургундары бекер медициналык кароодон өттү. Сүрөттөр

Натыйжада бир катар жарандар кошумча кароого жөнөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 19-августтан 23-августка чейин Ош облусунун мобилдик клиникасынын адистери Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал, Капчыгай, Кара-Таш, Сары-Бээ жана Терек-Суу айылдарынын тургундарын медициналык кароодон өткөрүштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, терапевт 145 жаранды, акушер-гинеколог 96 аялды караган. Андан сырткары, 145 киши ультраүн менен изилдөөдөн өткөн.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар ВИЧ/СПИД, гепатит өңдүү оорулар боюнча да тест тапшырышкан.

"Медициналык кароонун жыйынтыгы менен 25 бейтап Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканага, 15 адам онкология борборуна, 17 киши аймактык ооруканага жана бир бейтап тери-венерологиялык диспансерге кошумча изилдөөлөргө жана дарыланууга жолдомо алышты", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, райондун жетекчилигинин суроо-талабы менен облустук ооруканалардан үч дарыгер кошумча жөнөтүлгөн. Кардиолог 140 жаранды, невропатолог 130 жаранды жана педиатр 107 баланы медициналык кароодон өткөргөн.