Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды. Ремонт учурундагы сүрөттөр

Муниципалитеттен көчө жакынкы күндөрү толугу менен ишке берилерин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин колдонууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Аталган көчө Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейин июль айынан бери оңдолуп жаткан.

"Манас проспектисинен Турусбековго чейин ачылды. Калганына жакынкы күндөрү асфальт төшөлүп бүтөт", — дешти башкармалыктан.

Шаардыктар Токтогул көчөсүн 10 күн аралыгында толугу менен пайдаланып калары айтылды.