Бишкектин көркүн бузган курулуштар түрттүрүлдү. Сүрөт

Чыгыш-5 кичи районуна парк куруу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз курулуштардан арылтуу ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чыгыш-5 кичи районуна парк куруу максатында андагы киоск ээсинин макулдугу менен алынган.

Мындан башка дагы курулуштар түрттүрүлгөн:

  • Фурманов менен Славян көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу дүкөн менен сулуулук салону;
  • Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги контейнер;
  • Юнусалиев, 56/2 дарегиндеги павильон;
  • Бейшеналиева, 15/1 дарегиндеги 4 павильон, 2 бастырма (ээлери өз ыктыяры менен алып салган);
  • Месароша көчөсүндөгү 40 тонналык контейнер (ээси өз ыктыяры менен алган).