Тайып барып бутун кайрыды! 11 секундада жеңишке жеткен мушкер рекорд койду

Израилдик мушкер ушуну менен карьерасында үчүнчү жеңишин камсыздады. Ал атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утары белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШда өткөн Bellator 225 турниринде израилдик мушкер Авив Гозали белоруссиялык Эдуард Муравицкийдин бутун 11 секунданын ичинде кайрып жеңип, аталган уюмда рекорд койду. Мелдештин видеосун жана рекорд тууралуу маалыматты уюм өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Гозали кармаш башталары менен октагондун полунан тайгаланып барып, атаандашынын бутун кармап, аны кайруу ыкмасына салган. Мындан улам атаандашы багынып берген.

Израилдик мушкер ушуну менен карьерасында үчүнчү жеңишин камсыздады. Ал атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утары белгиленет.