АКШда бакка тийген чагылгандан алты киши жабыркады

Эл чагылгандан жашынып бакка чуркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШнын Жорджия штатындагы гольф турнири учурунда чагылган оюн талаасындагы бакка түшүп, кырсыктан алты киши жабыркады.

Кырсык видеого түшүп калган.

​Видео алысыраактан тартылган. Кадрларда топ адам бактын жанына бара жатканын көрүүгө болот. Чагылган ошол бакка тийген. Жапа чеккендер бакка чагылгандан коргонуу үчүн чуркаганы белгилүү болду.

Уюштуруучулар турнирди кийинкиге жылдырган. Жабыркагандардын абалы олуттуу эмес экендиги айтылат.