Радио

Муканов: быйыл өрт кырсыгы 18 пайызга азайды

ӨКМдин өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицери, капитан Асхат Муканов үстүбүздөгү жылдын жети айында 1977 өрт кырсыгы катталганын айтты.
Sputnik
Муканов: быйыл өрт кырсыгы 18 пайызга азайды

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл өрт кырсыктары 18 пайызга азайды. Бул тууралуу Асхат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзгөндүктөн жылдан-жылга тилсиз жоонун келип чыгуу коркунучтары азаюуда.

"Өткөн жылы жыл башынан берки жети айда 2437 учур катталса, быйыл 1977ге жетти. Бул ӨКМ жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасы. Бул багытта биз тийиштүү чараларды байма-бай көрүп келебиз. Мисалы, жаңы окуу жылынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Ага ылайык сентябрь айында биздин кызматкерлер мектептерге барып, өрт коопсуздугу тууралуу ачык сабактарды өтөт. Себеби балдардын тентектигинен чыккан өрт кырсыктары да көп. Учурда электр зымдары жана жабдыктар күйүп кетип, өрт чыккан учурлар басымдуулук кыла баштады. Азыркы тапта бул боюнча да маалымат берилип, түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат", — деди Муканов.

Ошондой эле ал өрт кызматына ойноп чалгандар да бар экенин айтып, эгер андайлар аныкталып табылса, мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.