Москвада кемпирдин коттеджинен 14,2 млн. рубль уурдап кетишти

Окуянын чоо-жайы такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Москванын батыш тарабында уурулар пенсионер жашаган коттеджге кирип 14,2 миллион рубль акчасын уурдап кетти. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Акчанын жоголгонун бакчаны караган жумушчу байкап калып, полиция чакырган.

"Белгисиз адамдар ашкананын терезеси аркылуу коттеджге кирген. Андан соң үй ээсине таандык 14 миллион 208 миң рубль өлчөмүндөгү акчаны сейфтен чыгарып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда.