Бишкекте "Евразия жумалыгы – 2019" форуму өтөт

Форумдун максаты — бүткүл дүйнө жүзүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын көрсөтүү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкекте 25-сентябрда "Евразия жумалыгы – 2019" эл аралык форуму башталат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Иш-чара быйыл "ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч" деген ураандын алдында өткөрүлөт. Форумдун максаты — бүткүл дүйнө жүзүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын көрсөтүү.

Форумдун программасы үч бөлүктөн туруп, 20дан ашык маселе талкууланат. Алардын эң негизгилери бизнес жаатында болмокчу.

"Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон бизнес темасында сөз болот. ЕАЭБ ЖОЖдорунун ар кандай презентациялары, бизнес-оюндар жана ишке орношуу маселелери боюнча сессиялар өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте Москва күндөрү өтөт
Эске салсак, "Евразия жумалыгы" эл аралык көргөзмө форуму төртүнчү жолу өткөрүлмөкчү. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттеринин эркин пикир алмашуу аянтчасы болуп эсептелет.

Иш-чарага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Белоруссиянын премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышары күтүлүүдө.