БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Борбор калаанын Фрунзе жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине ылдамдыкты азайтуучу тоскоолдук коюлууда. Бул тууралуу Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Аталган аймакта жол кырсыгы улам-улам катталып, көп адам жабыркап келген.
"Жергиликтүү тургундар эки көчөнүн кесилишкен жерине жол чырак же ылдамдыкты азайтуучу тоскоолдук коюп берүүнү суранып бир нече ирет кайрылышкан. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу да арыздангандар болгон. Жол көзөмөлдөө бөлүмү көчөнү карап чыккан соң "Бишкекасфальтсервис" ишканасына "жасалма дөңсөө" орнотууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, бул аймактагы жол кыймылына ЖКККБнын инспекторлору такай көзөмөл кылып турмай болду.