Үйлөрдү суу каптап... Ысык-Көлдө таңга маал сел жүрдү. Сүрөт, видео

Көл аймагында бир нече күндөн бери жаан-чачындуу аба ырайы кармалып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына район акими Данир Иманалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык таңкы саат 4.00дө болгон. Чолпон-Атанын Тогуз-Булак аймагында суу ташкындап, 20 үйдүн короосун каптап кеткен.

"Учурда техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, кырсык катталган жерде атайын штаб түзүлүп, 100дөн ашуун адам иштеп жатат. Жаракат алгандар жок", — деди Иманалиев.

Жаратылыш кырсыгы тууралуу маалыматты ӨКМден дагы тастыкташты. Билдирмеге караганда, арыктан ташкындаган суу Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин жана 2 банктын короолорун каптаган. Жеринде Жол тейлөө кызматынын атайын техникалары, 10 кызматкери жана ӨКМдин 28 куткаруучусу иштеп жатат.