Ырчы Даниел эл аралык сулуулар сынагында байге алды. Сүрөттөр

Эркектер арасындагы сулуулук сынагына 72 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандык эстрада ырчысы Даниел Бегалиев "Дүйнө мырзасы — 2019" эл аралык сулуулар сынагында байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу иш-чаранын расмий сайтында жазылды.

Жыл сайын өтчү бул сынак быйыл 6-24-август күндөрү Манила (Филиппин) шаарында болду. Ага 72 өлкөдөн барган жигиттер катышты. Кыргызстан  сынакка алгачкы жолу катышты.

Үч аптанын ичинде катышуучулар калыстар тобунун көзөмөлүндө бир канча сыноодон өттү. Алар кайрымдуулук иштери боюнча идеяларды айтып, спорттук мелдештерде, таланттар сынагында күч сынашты.

Бардык мелдештердин жыйынтыгы менен Даниел экинчи орунга татыды. Калыстар тобу анын үнүнө өзгөчө баа берген.

Бул кыргызстандык ырчылар эл аралык сулуулар сынагына катышкан алгачкы мисал эмес. Жакында эле "Кыз Бурак" тобунун мурдагы солисткасы Азалия Дүйшөналиева Египетте өтө турган Miss Eco International — 2019 сынагына барып келген.