БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында түштөн кийин да жамгыр жаап, кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына калаа мэри Талант Сарбагышев билдирди.
Белгилей кетсек, нөшөрлөгөн жаандан улам 24-августтун таңында Чолпон-Атанын Тогуз-Булак аймагында суу ташкындап, 20 үйдүн короосун каптап кеткен. Мындан сырткары, сел дүкөн, кафе жана банктардын короосуна чейин кирген.
Мэрдин айтымында, бүгүн саат 14.30дар чамасында ошол эле жерден кайра сел жүргөн.
"Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тендер өткөрүп сел түшкөн аймактагы кооптуу арыкты бекиткен болчу. Бирок минтип суу ташкындап кетти. Бир күндө эки жолу кайталанган сел 50гө чукул турак жайды каптады", — деди Сарбагышев.
Жаратылыш кырсыгы катталган жерде атайын штаб түзүлүп, шаардагы бардык техникалар тартылып, 100дөн ашуун адам иштеп жатат.