Курсан Асановдун жактоочусу Айткуловдун баш коргоо чарасы тандалды

Белгиленген убакытка чейин ал Бишкек шаарынан эч кайда чыга албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Свердлов райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун баш коргоо чарасын карап, аны 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Эркин Саданбеков билдирди.

Белгиленген убакытка чейин ал Бишкек шаарынан эч кайда чыга албайт.

“Икрамидин Айткулов соттун чечимине макул эместигин билдирди. Ал беш күн ичинде чечимдин үстүнөн даттана турганын айтты”, — деди Саданбеков.

Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын "алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды" деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон.

Андан кийин ага дагы бир айып тагылган.

Кардарына үйлөнгөн. Курсан Асановдун жактоочусу Айткулов тууралуу факты
Доогердин арызы үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берененин 2-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Айткуловдун баласы мурда дагы ушундай эле иш менен соттолгону белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Айткулов акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.