Ысык-Көлдө J-Fest фестивалы өтүүдө. Сүрөттөр

Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген 300дөй турист катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында туризмди өнүктүрүүгө багытталган J-Fest фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Фестивалдын максаты — Жыргалаң айылын дүйнөгө таанытуу.

"Иш-чара кышкы жана жайкы болуп үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Жергиликтүү эл мал жана туризм менен гана жан баккандыктан, эс алуучуларды тартууга бардык эмгегибизди жумшашыбыз керек. Учурда Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген 300дөн ашык турист фестивалга катышууда", — деди Мукалаев.

Айыл жетекчиси акыркы жылдары туризм акырындык менен жанданып келе жаткандыктан, мындагы турак-жайдын баасы дагы көтөрүлө баштаганын кошумчалады.