Кыргызстандык артисттер Россиянын жоокерлерин футболдон утуп алды

Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздарынын "Арт-футбол" командасы менен беттешти. Жыйынтыгында атамекендик өнөрпоздор жеңишке жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган. Командалар Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында жолугушту.

Биринчи таймда кыргызстандыктарга ийгилик жылмайып эсеп 2:0 болду. Тыныгуудан кийин жоокерлер дарбазага эки топ киргизген. Бирок ошол эле учурда атамекендик жылдыздар каршылаштарынын дарбазасына үч гол тепкен. Жыйынтыгында беттешти 5:2 эсебинде "Арт-футбол" командасы утуп, өнөрпоздор Россиянын илим жана маданият борборунун кубогуна ээ болду.

"Россотрудничество" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов оюн кызыктуу болгонун белгиледи.

"Кыргызстандыктар кызыктуу оюн көрсөтүштү. Спорт чындыгында ынтымакка чакырып, бири-бирин түшүнүүгө жол ачат. Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, союздаш мамлекеттер. Оюнда достук жеңди", — деди Нефедов.

Кыргызстандын командасынын атынан Адиль Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Игорь Воронцов, Оскар Султаналиев, Атай Өмүрзаков, Нургазы Азыкбаев, Алмаз Раимжанов, Мирлан Абдыкалыков, Бакыт уулу Бекназар жана Максат Мамыркановдор ойношту.