КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков Финполго сурак берди

Карыпбеков 2014-2015-жылдары  "Манас" эл аралык аэропортунун аткаруучу директору болуп иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) сурак берди. Бул тууралуу Карыпбеков өзү Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, суракта "Манас" аэропортунда иштеп жүргөндөгү учурлар тууралуу суроолор берлилген.

"Мен "Манас" аба майданын жетектеп турган мезгилде күйүүчү май куюучу комплекс уюштурулган. Дал ошол иш боюнча териштирүүлөр жүрүп жаткан экен", — деди Карыпбеков.

31 миң долларга алдаган. Адвокат Икрамидин Айткуловго дагы бир айып тагылды
Экс-жетекчи тергөө жүрүп жаткандыктан, суракка кайра чакырылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эске салсак, Карыпбеков КТРКга директор болгонго чейин, тагыраагы 2014-2015-жылдары, "Манас" эл аралык аэропортунун аткаруучу директору болуп иштеген.

Илим Карыпбеков кэчээ, 22-августта, Финансы полициясына тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүү үчүн чакырылганын ведомствонун маалымат кызматы дагы тастыктады. Ал күбө катары каралып жатканын кабарлашып, бирок кайсы иш боюнча тергөө жүрүп жатканын ачыкташкан жок.