Бишкекте Москва күндөрү өтөт

Программа расмий жана маданий бөлүктөн турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте 12-14-сентябрь аралыгында Москванын күндөрү өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
Иш-чара эки борбор калаанын достук мамилесин чыңдоо максатында Москванын өкмөтү тарабынан уюштурулат. Эки тарап соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият жаатындагы маселелерди талкуулап, эки тараптын өкүлдөрүнөн куралган комиссиянын биринчи жыйыны уюштурулат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Москва өкмөтүнүн министри, Тышкы экономика жана эл аралык байланыш департаментинин жетекчиси Сергей Черемин, ошондой эле окумуштуулар, ишкерлер жана ири долбоорлор менен иштеген россиялык компаниялардын өкүлдөрү катышат. Ал эми иш-чаранын маданий бөлүгү шоу-программа менен коштолот.