Өмүрбек Бабанов УКМКга кирип кетти. Сүрөт

Саясатчы аталган мекемеге экинчи ирет чакырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул туурасында кабарчы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, Бабанов 19-августта "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми эртеси президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирген. Мурдагы депутат сурак агрессиясыз, тынч өткөнүн билдирип, жума этегине чейин кайрадан Финполго жана УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган болчу.

Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы тандалды
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра ал чечиминен баш тарткан.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.