Радио

Касымова: мектеп формасын мугалимдер менен ата-энелер бирге тандашат

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова мектеп формасына болгон талаптар быйыл деле өзгөрүүсүз каларын айтты.
Sputnik
Касымова: мектеп формасын мугалимдер менен ата-энелер бирге тандашат

Мектеп формасын мугалимдер менен ата-энелер бирге кеңешип, тандап алса болот. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучуларга мектеп фомасын мажбурлап кийгизүүгө Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салат.

"Өкмөттүн токтому менен 2015-жылы мектеп формасынын стандарттары иштелип чыккан. Ага ылайык окуучулар ак, боз, ток кызыл өңдөрүнөн куралып, галстугуна улуттук оймо бастырылган форма кийиш керек эле. Билим берүү жаатындагы мындай жаңылануунун башкы максаты — окуучулардын арасындагы социалдык теңсиздикти жоюу болчу. Бирок айрым ата-энелер андай формага каражаты жетпей турганын айтып, ак, кара түстөгү кийимдерди кийүүгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Натыйжада үстү ак, асты кара форма кийүүгө болот деп чечим чыгарганбыз. Быйылкы жылы да мектеп формасына болгон талаптар өзгөрбөйт. Болгону мугалимдер менен ата-энелер чогуу кеңешип бирдиктүү мектеп формасын өздөрү тандашат", — деди Касымова.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө 1371 мектепте башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилип жатканын кошумчалады.