Ак-Талаага барган Сооронбай Жээнбеков райондун пландары менен таанышты

Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Бука, Жаман-Даван жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берген.

"Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуу боюнча иштер жүрүүдө. Долбоорлор 2020-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор ишке ашкандан кийин Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетери айтылды.