Ош — Бишкек жолунда кыргыз футболчулары кырсыктап, бирөө каза болду

Футболчулар Ош шаарындагы турнирге катышып, кайтып келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда Ысык-Көлдүн "Лидер" клубунун футболчулары келе жаткан микроавтобус Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышып, бир спортчу каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 22-августта, саат 7.00дөр чамасында трассанын 197-чакырымында, Өтмөк ашуусуна бурула берген жерде болгону айтылат.

Алдын ала маалымат боюнча, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус Оштон Бишкекке келе жаткан.

"Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа дагы Ош тараптан келе жатып Өтмөк ашуусун көздөй бурулганда артынан келген микроавтобус жөөлөп кеткен. Мындан улам микроавтобус башкаруудан чыгып, чимирилип кеткен. Кырсыктын кесепетинен ичинде уктап отурган бир футболчу мерт болду. Дагы бирөө ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

"Лидер" футбол клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Замир Казакбаев кечээ, 21-августта, футболчулар Кыргыз премьер-лигасынын чемпионатынын алкагында Ош шаарында "Алай" командасы менен беттешип 3:1 эсебинде утулганын билдирди. Анын айтымында, микроавтобустун ичинде футболчулар, машыктыруучулар жана башкалар менен биригип 18 адам болгон.

Казакбаев команданын башка мүчөлөрү жаракат албаганын, учурда алар Бишкекте экенин белгиледи.