Бишкектин айрым райондорунда эки күн газ жок болот

Бишкек шаары боюнча 40 абоненттин көгүлтүр оту убактылуу жок болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Борбор калаанын айрым райондорунда эки күнгө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, газ берүү 26-августтан 28-августка чейин Панфилов, Кожомкул, Гоголь жана Кожожаш көчөлөрүндө токтотулат.

Эки күн ичинде ишкана кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин аткарат. Мындан улам 40 абоненттин көгүлтүр оту убактылуу өчүрүлмөкчү.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.