БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Салмагы ашыкча адамдардын май катмары ысыктан жеңил көйнөктөй эле сактагандыктан аптаптуу мезгилде өздөрүн жакшы сезишет. Бул туурасында РИА Новости россиялык окумуштуулардын пикирине таянуу менен жазды.
Алар иликтөөнү 2010-жылдагы мээ кайнаткан ысыктан кийин жүргүзүп башташкан. Адистер ысык аба ырайы адамдын ден соолугуна кандай таасир этерине кызыгышкан.
"Аптап учурунда толук адамдын жүрөк-кан тамыр илдеттери оорлошуп, өлүм тобокелчилиги жогорулабайт. Тескерисинче, алар өздөрүн жакшы сезишет", — дешкен окумуштуулар.
Окумуштуулар ысыктын ченемден ашып кетиши бардык адамдарда бир катар ооруларды күчөтө турганын белгилеген. Алар - кант диабети, өпкө оорусу, неврологиялык, психикалык, язва жана бөйрөк илдеттери. Ошондой эле уйкуга таасирин тийгизет.