Радио

Алымкулова: 1-класска электрондук катталууга үч документ керек

"Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун башкы адиси Гүлзат Алымкулова балдарды 1-класска электрондук каттоодо талап кылынчу документтерди атады.
Sputnik
Алымкулова: 1-класска электрондук катталууга үч документ керек

1-класска электрондук каттоодо үч гана документ талап кылынат. Бул тууралуу Гүлзат Алымкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, системага киргизген соң ал документтердин түп нускасын мектепке алып баруу керек.

"1-класска баланы мектепке киргизүү үчүн электрондук каттоодон өтүү зарыл. Система болгону үч документ сурайт. Ал ата-эненин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен тастыктама. Ушул документтер системага киргизилет. Ал үчүн алгач атасы же апасы каттоодон өтүп, сыр сөз бекитип, өздүк кабинетке ээ болот. Көпчүлүк ата-энелер ошол программага киргизген сыр сөздү унутуп калып, кайра кире албай жатышат. Мындай учурда райондук билим берүү борборуна келсе атайын адистер жардам берет. Айрымдары бир жолу катталып сыр сөзүн унутуп калса, кайра жаңыдан өздүк кабинет алып катталып алам деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Ата-эне жашаган жеринин дарегин которсо  же башка себептер болобу, системага бир гана жолу катталат", — деди Алымкулова.

Ал электрондук каттоодон өткөн соң аталган документтердин оригиналын баланын өздүк делосу, сүрөтү менен кошуп мектепке тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.