Сооронбай Жээнбеков Нарынга эки күндүк иш сапары менен барат

Президент алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен дагы жолугушат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен 21-22-август күндөрү Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

128 миң жоокер. Путин менен Жээнбеков РФтеги ири машыгууга барышы мүмкүн
Билдирмеге караганда, мамлекет башчы иш сапарынын алкагында шаардагы калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат. Мындан сырткары, президенттин алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушары белгиленди.