Маммүлктөн кеткен Ренат Түлөбердиев жаңы кызматка дайындалды

Бүгүн Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрага кызматынан бошотулган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ренат Түлөбердиев "Улуттук башкаруучу компания" ачык акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн, 21-августта, Түлөбердиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрага кызматынан бошотулган.

Анын ордуна Жылдызбек Исакулов дайындалган.