Ош мэриясы муниципалдык ишканаларга жаңы 15 техника сатып берди. Сүрөт

Калаа башчысы "Ош-Тазалык" ишканасына 13 атайын унаанын ачкычын тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Ош-Тазалык" ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган атайын адистештирилген жаңы техникаларды тапшырды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 21-августта, Ош шаарынын борбордук аянтында "Ош-Тазалык" ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак жай-коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техниканын ачкычын тапшыруу аземи болду.

Шаар мэри жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

"Ош-Тазалык" ишканасынын техникаларынын эскилиги жеткенин эске алып, өзүбүздүн күчүбүз менен жаңы техникаларды алдык. Бул албетте толук жетиштүү эмес. Жакынкы айларда Европадан да техникалар келет. Мындан тышкары, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен таштанды контейнерлери да жаңыланат", — деп айткан калаа мэри.

Ошондой эле Оштун жергиликтүү бюджетинен биринчи жолу ири суммадагы каражат бөлүнүп, муниципалдык ишканаларга техника алынганы белгиленди.