Радио

Кусеинова: 1-класска электрондук каттоо 25-августка дейре узартылды

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова 1-класска окуучуларды кабыл алуу 92 пайызга аткарылганын айтты.
Sputnik
Кусеинова: 1-класска электрондук каттоо 25-августка дейре узартылды

Электрондук каттоо аркылуу балдарды кабыл алуу 25-августка чейин узартылды. Жетишпей калган ата-энелер ушул аралыкта балдарын каттоодон өткөрүп, мектептерге жайгаштыра алат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2019-2020-окуу жылында сынамык иретинде Бишкек шаарында гана иштеп жатат.

"Окуучуларды 1-класска кабыл алууда электрондук каттоо эки этапта өттү. Биринчиси - ушул жылдын 15-февралынан 15-майга чейин жашаган жериндеги мектептерге каттоо, экинчи этапта жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандаган ата-энелерге мүмкүнчүлүк берилди. Биринчи этап боюнча быйыл борбор калаанын мектептерине 17 755 бала келери күтүлүүдө. Анын 16 402си электрондук каттоодон өттү. Бул жалпы 1-класска кабыл алына турган балдардын 92 пайыздан ашуунун түзөт", — деди Кусеинова.

Ал ар кандай себептер менен белгиленген убакытта балдарын электрондук каттоодон өткөрбөй калган ата-энелер шаардагы райондук билим берүү борборлоруна 25-августка чейин барып, атайын түзүлгөн комиссияга арыз калтыруу менен балдарын каттата аларын кошумчалады.