Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп жатат. Сүрөт

Түрттүрүлгөн объектилердин чыгымын мыйзам бузган адамдар көтөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы уруксатсыз ээленип алынган жерлерди борборго кайтарууда. Үйлөр, тосмолор жана дүкөндөр түрттүрүлүп жатканын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз жерлер боюнча 34 соттук ишти утуп алган.

2018-жылдан бери соттук органдарга мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү боюнча 64 кагаз берилип, анын сегизин мэрия аткарган. Түрттүрүү иштери Тынчтык, Ак-Өргө конуштарында, Дачная, Ломоносов көчөлөрүндө, Нариманов жана Саранск кууш көчөлөрүндө жүргүзүлгөн.

"Дагы 56 объект боюнча иш аткарылып жатат, жыл этегине чейин уруксаты жок салынган объектилердин бардыгын алабыз", — деп айтылат маалыматта.

Түрттүрүлгөн объектилердин чыгымын мыйзам бузган адамдар көтөрөт.

Жыл башынан бери Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз жерлер боюнча 45 доомат берилген.