ЖКККББ: Бабанов отурган унаанын терезесин караңгылатууга уруксаты жок

Кечээ мурдагы депутат УКМКда сурак берип жатканда ЖКККББ кызматкерлери анын айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов түшүп жүргөн Lexus LX 570 (мамлекеттик номери B 7700 AA) үлгүсүндөгү ак түстөгү жолтандабастын терезесин караңгылатып алганга уруксаты жок. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кечээ Бабанов УКМКда сурак берип жатканда ЖКККББ кызматкерлери анын айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыккан. Сурактан чыккан саясатчы жолтандабастын караңгылатып алууга уруксаты бар экендигин айткан. Унааны айып короого алып кетишкен.

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты
Автокөлүк капталдагы айнектерин текшерүү үчүн Экономика министрлигинин стандартизация жана метрология борборуна алынып кеткени айтылды. ЖКККББ "заводдук" караңгылатууга дагы тыюу салынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, унаа айнегин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн 5 500 сом өлчөмүндө айып каралган. Мында өлкөнүн биринчи адамдарынын, мамлекеттик күзөт кызматынын жана айрым атайын унаалардын терезелерин гана караңгылатууга уруксат берилген.