Жалал-Абаддагы ишкер пара берип жатканын видеого тартып алган

Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашты.
Sputnik

Мекеме ишкер пара берип жатып аны тартып алганын билдирип, видеосун жиберди. Ошондой эле роликте эсепчи унаасынын жанынан кармалганы көрсөтүлөт.

Токмоктун прокурорунун жардамчысы 3000 доллар пара менен кармалган видео
Ишкер Финполдун аймактагы башкармалыгына айыл өкмөттүн эсепчиси андан курулуш материалдар боюнча уткан тендер үчүн 74 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Эркек киши 14-августта кармалган. Пара талап кылуу боюнча сотко чейинки иштер жүрүп жатканы белгилүү болду.