Кыргызстандыктар Венгрияда боз үй тигип, улуттук маданиятты даңазалашты. Сүрөт

Этнофестивалда 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун турист келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг улуттук коругунун аймагында 17-августта "Бабалар күнү" аттуу эл аралык маданий иш-чара өттү. Ага Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Россиянын (Башкыр жана Татарстан), Түркиянын жана Түркмөнстандын делегаттары катышты.

Ал эми өлкөнүн атынан Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов башында турган топ катышкан.

"Кыргызстандын маданиятын даңазалоо жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү боз үй тигип, анын ичинде улуттук кол өнөрчүлүктүн стенддери, кийизден жасалган түрдүү буюмдар, ошондой эле Кыргызстан жөнүндөгү иллюстрацияланган стенд, туристтик ыңгайлуулук жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалыматтык материалдар көрсөтүлдү", — дешти ТИМден.

"Бабалар күнү" — бул театралдашкан шоу-программа, улуттук музыка, археологиялык-антропологиялык көргөзмөлөр, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган иш-чара. Азем этнофестиваль форматында өтүп, анда көчмөндөрдүн айылын камтыган 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун турист келген.