Ош: сымап сатып кызын турмушка узатмак болгон киши кесилип кетти. Өкүм

Уулуу затты айыпталуучу союз маалында жумушунан үйгө алып келип койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ош облусунун 70 жаштагы тургуну сымап сатып соттолуп кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Сирияга барган кыргызстандык киши өзүнө ок чыгарып, мекенине качкан. Чоо-жайы
Окуя ушул жылдын май айында болгон. Тергөөдөгү маалыматтарга ылайык, айыпталуучу 1970-жылдары райондук ооруканада иштеп жүрүп, ал жактан бөтөлкөгө куюлган уулуу затты үйүнө алып келип койгон. Узак жылдардан кийин ага сатып алуучу таап, бир литр сымапты 100 долларга сатмак болгон. Милиция кызматкерлери аны беш литр сымап менен колго түшүргөн.

Сот отурумунда шектүү кылганын толук мойнуна алып, кылмыштуу жолго акча өтө керек болуп барганын айткан.

"Союз учурунда ооруканада сымап менен иштеп, жумуштан үйгө алып келип койгом. Кызымды турмушка узатуу үчүн акча аябай керек болду. Бир литрин 100 доллардан сатмакмын. Бирок соодалашуу жүрүп жаткан маалда укук коргоо кызматкерлери кармап калды. Кылганым үчүн кечирим сурайм жана жеңил жаза берүүңүздөрдү өтүнөм", — деген айыпкер.

Фемида өкүлдөрү ишти карап чыгып, соттолуучуну бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.