ТЭЦ боюнча кармалган аткаминерлер тергөө абагында калтырылды. Сот залынан сүрөт

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерди жасап, өлкөгө 111,2 миң доллар чыгым келтирген деп сегиз кызматкер айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган аткаминерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму болду.

Буга чейин Свердлов райондук соту кармалгандардын баш коргоо чарасын эки айга узартып, 14-октябрга чейин тергөө абагында калтырган. Бул чечимге нааразы болгон жактоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну суранып Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Сот залына экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев, Улуттукэнергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Нурлан Биримкулов, "Электр станциялары" ААКнын башкы директорлугун аркалаган Салайдин Авазов жана аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров алып келинди. Ал эми Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Мындан сырткары, үй камагында жүргөн мурдагы каржы министри Ольга Лаврова катышты.

Жантөрө Сатыбалдиев: бизди жегичтер, ичкичтер деп шылдыңдабагыла
Натыйжада судья райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, жактоочулардын даттануусун канааттандырган жок.

Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар деп жогоруда аталган сегиз кызматкерди айыптап, материалдарды Свердлов райондук сотуна өткөрүп берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин буга чейин берген маалыматы боюнча, Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.