Бишкекте кытайлык жарандын унаасын сүзүп, 300 миң долларын алып кетишти

Камуфляж кийип, бет кап тагынган үч киши унааны сүзгөндөн кийин дароо түшүп барып, чет элдик жарандын акчасын алып кетишкен. Андан соң башка унаа менен белгисиз тарапка жөнөшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте BMW унаасын айдаган белгисиз адамдар Lexus RX300 автокөлүгүн башкарган кытайлык жаранды бетме-бет сүзүп, ири суммадагы акчасын алып кетишти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Окуя 19-август күнү "Дордой" базары жактагы Келечек конушунун бурулушуна жакын жерде болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жабырлануучунун жанында 300 миң доллар болгон.

"Камуфляж кийип, бет кап тагынган үч киши унааны сүзгөндөн кийин дароо түшүп барып, чет элдик жарандын акчасын алып кетишкен. Алар башка унаа менен белгисиз тарапка жөнөшкөн", — деди агенттиктин маектеши.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы аталган фактыны тастыктады.

Уулуна дары алам деп... Сот дарыкананы карактаган токмоктуктун өкүмүн өзгөрттү
"Саат 15:20да Бишкек ШИИББдин күзөт бөлүмүнө Тез жардам кызматы тарабынан эки унаа бетме-бет кагышканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, уурулук болгонун аныкташкан", — дешти милициядан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Жазыктар кодексинин 201-беренесине ("Карактоо") ылайык кылмыш иши козголду. Учурда кол салгандарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.