Бишкектин чыгыш тарабында өрт чыкты. Сүрөт, видео

Өрт тууралуу маалымат саат 21:10до түшүп, ага бир бөлүм тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүн, 20-августта, Бишкектин чыгыш тарабындагы Алтын-Орто конушундагы ачык аянтта куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Окуянын күбөсү агенттиктин WhatsApp-каналына сүрөт жана видео жиберди. 

Өрт тууралуу маалымат саат 21:10до түшүп, ага бир бөлүм тартылган.

Жалын саат 22:23тө толугу менен өчүрүлгөнү кошумчаланды.