Бабанов суралып жаткан маалда ЖКККББ айдоочусун айыпка жыгып кетти. Сүрөт

кеткенин жар салган Бабанов учурда УКМКда сурак берип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери экс-депутат Өмүрбек Бабановдун айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Бабанов өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Ал 2017-жылы болгон президенттик шайлоо өнөктүгүндө Оштогу Амир Тимур кичирайонундагы айтылган сөздөр боюнча козголгон иште күбө катары өтүүдө. Шайлоо жарышында ал экинчи орунга ээ болгон.

Бийлик менен сүйлөшүп алып келдиби? Өмүрбек Бабанов кайтышы тууралуу
Бабанов бүгүн УКМКга Lexus LX 570 үлгүсүндөгү ак түстөгү жол тандабас менен келген. Анын терезелери караңгылатылган болчу.

Белгилей кетсек, унаа айнегин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн 5 500 сом өлчөмүндө айып каралган. Мында өлкөнүн биринчи адамдарынын, мамлекеттик күзөт кызматынын жана айрым атайын унаалардын терезелерин гана караңгылатууга уруксат берилген.