Абактагыларды кайтарган аскерлер кыргыз күрөш боюнча күч сынашты. Сүрөт

ЖАМК кызматкерлери төрт салмак категориясы боюнча күч сынашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын конвой менен коштоп жүрүү жана кайтаруу департаментинде кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган мелдеш Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Ага катышкан аскерлер 60, 70, 80 жана 90 килограмм салмак ченинде күч сынашкан.

Депутат Турусбеков менен экс-премьер Сариев Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөттөр
60 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча биринчи батальондун катардагы кызматкери Шайыр Бердибеков биринчи орунду алса, 70 килограммга чейинкилер арасында төртүнчү батальондун катардагы кызматкери Тимурлан Туйгунов алдыга чыккан. Ал эми 80 жана 90 килограмм салмак ченинде баш байгени үчүнчү батальондун кенже сержанты Орунбай Каленбаев алган.

Жеңүүчүлөр медаль жана диплом менен сыйланды.