Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 22-августта күндүз жана 23-24-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Бишкектин айрым бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Тизме
23-24-август күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.