Эч нерсеси калбаптыр! Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган жол кырсыктын сүрөтү

Каза тапкандардын бардыгы жана сегиз жаштагы кыз Mazda CX-7 үлгүсүндөгү унаада болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Суусамырдагы үрөй учурган жол кырсыктан каза тапкан үч чоң киши менен төрт жаштагы наристе бир үй-бүлө мүчөлөрү экенин ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин 18-август күнү саат 10.00дөр чамасында Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында бензовоз менен эки жеңил унаа кагышканы маалымдалган. Анын кесепетинен төрт жаштагы наристе менен үч чоң адам көз жумган. Жерине куткаруучулар келип маркумдардын сөөгүн алып чыгышкан. Ал эми сегиз жаштагы кыз ооруканага жеткирилген.

"Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бензин жүктөп Бишкектен Ош шаарын көздөй бара жаткан. Ал эми жолдун каршы тилкесинде Mazda CX-7 автосу келе жаткан. Ичинде төрт жаштагы наристе, сегиз жаштагы кыз, бир аял жана эки киши болгон. Трассанын 174-чакырымында жеңил автону Honda Torneo ашып өтөм деп каршы тилкеге чыгып, алдыда бензовоз келе жатканын көрүп калган. Мындан улам өз тилкесине бурулам деп Mazda унаасын сүзгөн. Ал эми бир үй-бүлө бараткан автокөлүк жүк ташуучу унааны барып каккан", — дешти милициядан.

Кырсыктан улам бензовоз оодарылып, эки жеңил унаа трассадан чыгып кеткен. Бензовоз менен Honda Torneo автосунун айдоочулары жабыркаган эмес.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды.