БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан коммерциялык банкы" ачык акционердик коомуна байланышкан иш боюнча суракка чакырылган. Бул туурасында ал Финполдон чыккандан кийин журналисттерге билдирди.
Саясатчы бүгүн, 19-августта, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) сурак бергени кирип кеткен.
Ал суралган иш боюнча ачыктабоого кол коюп чыккандыктан кенен маалымат бере алган жок.
Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан коммерциялык банкына" ээлик кылат.
Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан. Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан.
Ал эми УКМК болсо Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.